Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу  жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолдорунда 2019-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш – чарасы жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 10-февраль күнү ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Мындан сырткары  ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 10-февраль күнү Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдун 86-87-88-чакырымдарында кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Жалпы 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз