Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-265-чакырымдары) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындай маалыматты ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда иш-чаралар бүткөндүгүнө байланыштуу КР ӨКМнин ыкчам тобу туруктуу жайларына кайтышты. Аталган жол ачык.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз