Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн саат 10:00дө Германиядан Бишкекке учуп келип, жоон топ делегация менен Баткенге жөнөп кетти. Күн мурун президент Садыр Жапаровдун “Телеграм” каналына жарыяланган маалыматта “тийиштүү маселелер жеринде каралат”, – деп айтылганы маалым.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү Баткен районунда, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Тажикстан, Өзбекстанга чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.