– Айрым гезиттер “Ташиев Кремлге кетти, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”- деп жазып чыгышты. Москвага барган соң, Бабановго да жолуккан чыгаарсыз?

– Мен ар дайым баарын ачык айтып жүргөн саясатчымын. Москвага барганым ырас, бирок, Кремлдин чакыруусу менен эмес, жеке иштерим, Италияда окуган баламдын жумуштары боюнча баргам. Ошонун арасында Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуп, баарлаштык. Өзүнүн ой-максаттары жакшы, кандайдыр бир радикалдуу, жаман ойлорун байкаган жокмун. Кыргызстандын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө салым кошоюн деген изги аруу максаты көрүнүп турат.

– Жеке мамилеңиздер кантти? Анткени, 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин сизди сатып кеткендиги туурасында кептер арбын айтылып жатпады беле?

– Өз ара мамилебиз бар. Мен андан жолукканда бир гана нерсени сурадым: “шайлоого үч күн калганда мага чоң провокация жасалып, тизмеден чыгарып салышкан. Ошондо сен эл алдында депутат болуп барып калган соң менин маселемди көтөрүп, мыйзамдуу чечим берүү боюнча убада бергенсиң. Бирок, парламенттин жалпы жыйынында да, комитетте, же фракцияда да унчукпадың. Эмнеге?”- деп. Бабанов: “Мен канчалык көтөрүп чыкпайын, бул маселенин чечилишине көзүм жеткен жок. Себеби, Атамбаев сенин келишиңе караманча каршы болуп турган. Ал жол бермек эмес”- деди.

– Балким, ушунча пикириңиздер келишип турат экен, 2020-жылы да шайлоого кайрадан чогуу аттанып калаарсыздар? Бул багытта сөздөр болдубу?

– Чынында эле ар түрдүү саясий сөздөр болду. Бийлик, шайлоо, мамлекеттин учурдагы коомдук-саясий, экономикалык абалын сүйлөштүк. Кийинки парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча пикир алыштык. Бирок, кандайдыр бир чечимге келген жокпуз. Андай оюбуз деле башынан жок болчу. Анын үстүнө, мен өзүм азырынча шайлоого катышаар катышпастыгымды чече элекмин. “Эртең шайлоо”,- деп даярдык да көргөн жокмун.

Маектешкен Нургазы Анаркулов Бишкек ш., Чоң-Арык айылы, 2019-жылдын 25-марты

“Майдан. kg” гезити

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз