“Жети элдин тилин бил, жети түрдүү билим бил” – деген сөздүн тамыры тереңде жатат. Дал ошондой жети түрдүү билим алуу үчүн чет жакта окуп жүргөн жаштарыбыздын саны арбын. Алардын бири Калыгул Жунушбеков. Ал билим кербенин улап Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Чет жактагы жашоосу, окуусу, максаттары жөнүндө маек курдук. 

Кереметтүү Ысык-Көлдөн Европага болгон билим сапары…

Атым Калыгул, өзүм кыргыздын бермети аталган ЫсыкКөл районуна караштуу, Темир айылынан болом. 6-класска чейин окуумду айылдагы орто мектептен окуп, кийин Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Сапат лицейин бүтүргөм. Мен алгач мектепти аяктаганга чейин эле чет мамлекетте окуу кыялым болчу, ошентип ал максатым мектепти бүтөр жылы ишке ашты. Бакалаврга Румынияга тапшырып, үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин Германияга магистратуралык даражаны окуганы келип, учурда окуп жаткан чагым.

Европанын мамлекеттери кооз,бири биринен өтөт. Бирок ошолордун ичинен Румыния менен Германия мен үчүн өзгөчөрөөк. Румынияда бакалаврды окуп жатканда, Германияга 6 ай окуп келүүгө жолдомо утуп алгам. Мурда 7 айдан ашык жашап кеткем, учурда да бул жактамын. Аталган өлкө технологиянын, индустриянын мамлекети болгон үчүн, тышка абдан чоң көлөмдө өндүрүм  экспорттойт. Өндүрүм компаниялары көп болгон үчүн, жумушчу орундары да бар. Эгерде немис тилин жакшы деңгээлде билсең, бул жакка келип иштөөгө, окуунун жолдору арбын. Башка мамлекеттен келген, өз кесибин жакшы билген адистерге  жашоого жеңилдетилген шарттар түзүлгөн. Себеби Германия мамлекети ар тармактуу кесиптин ээси болгон адамдарга муктаж.

Мекенден алыста жашоо, сагыныч, кусалык…

Кыргызстандан тышка чыкканыма буйруса 4 жылга жакындап калды. Эн сагынганым бул ата-энем. Аларды кантип ыраазы кыла алам,кантип үмүтүн  актай алам,деп көп ойлоном.  Төөнүн өркөчүндөй, бири-бирине уланган ак мөңгүлүү тоолорду, кереметтүү көлүмдү сагындым. Тамак-ашын да албетте сагынбай койбойсун. Бул жакта биздикиндей аш-той деген түшүнүк жок.

 Немистер өздөрүн  абдан тартипке салышкан,бардыгы мыйзам  түрүндө. План менен жашаганды үйрөнүп, убакытты аябай барктайсын. Университеттеринен кадимкидей академиялык чөйрөнү байкайсың. Студенттеринин арасынан окууга болгон атандашуу да аябай күч, бул нерсе мага жактыЭртең менен китепканаларына барсаң, ачыла электе эле студенттердин катарга туруп калганын көрөсүң. Сабактарда да немис студенттеринин күчтүүлүгүн байкайсың, себеби көп нерсени мектеп курагында эле өздөштүрүп коюшкан. Алар бир окуса, биз аларга жетиш үчүн алардан да көп окууга туура келет. Бул көйгөйдү чет мамлекетте окуган жаштар сезсе керек. Мындай көрсөткүчтөр аркылуу мамлекетибиздин билим берүү системасын айгинелей алсак болот.

Эң көп берилген суроолордун бири Мамлекетибизге кайтып келесизби” – деген. “Ат айланып казыгын табат”- дегендей, убагы келгенде кайтып барамын. Чет өлкөнүн теориясын окуп, ишин үйрөнүп анан барайын деп буюрса пландап жатам.

Эң алгачкы эстен кеткис элестер…

Бир жолу  Франкфурттан өзүм жашаган шаарга билет алып, башка шаарларды айланып өтүүчү туура эмес поездге отуруп алыпмын. Чынында эки поезд тең мен жашаган жерге барат, бирок башка багыттар менен. Мен туура эмес багытты алганымды поездден билетимди текшергенде гана билдим. Абалымды түшүндүрсөм ” Мен болгону ишимди аткарып жатам. Аны темир жол (Deutsche Bahn) комиссариятына чалып же онлайн түрүндө жазышып көр”- деп 60 евро же 4800 сом өлчөмүндөгү  жаза төлөө керектигимди айтып кетти. Онлайн  түрүндө  жазышып, абалымды  түшүндүрүп  берсем “Сиз бактылуу адам экенсиз! Темир жол комиссиясы 60 евро жаза төлөөңүздү жокко чыгарды, күнүңүз жакшы маанайда өтсүн”–деп жооп беришти. “Ой- тобоо–деп таң калып отуруп калдым.

Чет жерде бир туугандай болгон мекендештер…

Азыркы тапта Германияда Кыргызстандын каттоосунан 4860 жаран өткөн. Ал эми немистердин статистикасы боюнча 8575 адам жашап, эмгектенип келет. Элчилик  футбол, концерт жана башка ишчараларды уюштуруп турат. Ошондой эле ар кайсы региондордо уюмдарыбыз бар. Жакында эле 27-октябрда Kyrgyz club Germany уюмунун Франкфурт шаарындагы майрамдык кечесине барып келдим. Германиянын ар кайсыл тарабынан, жана башка Европа өлкөрүнөн 130дай кыргызстандык топтолдук. Патриоттук сезимдерди ойготкон  “Көк  Бөрү” тасмасын да көрдүк. Мындай кечелер башка шаарларда да болуп турат. 

 Тил билсең кор болбойсуң…

 

Менин окуум негизи англис тилинде, бул тилди эң жакшы билеминАл эми немис тилин керектүү даражада, буйруса дагы өнүктүрүүнүн аракетиндемин. Бир тилди баарлашуу аркылуу абдан жакшы  үйрөнөсүң. Практика кылуу үчүн да башында эрежелерди, бир канча сөз да билишиң керек, анан ошол тилде сүйлөгөн дос күтүп, сүйлөшүүнү сунуштайт элем. Биз уялчаак калк келебиз, бирок билим алууда уялбаш керек. Көп ката кетирсек да тартынбай сүйлөп алдыга карай умтулуу зарыл.

Бул жактын билим  берүүсүнө дагы деле суктанып бүтө албайм. Ошол эле учурда ичим да аябай ачышат. Мамлекетибиз экономикалык жактан артта калса мейли, бирок билим жактан да аябай артта болгонубуз абдан өкүндүрөт. Европада билим берүү тармагы эң жогорку деңгээлде. Ар бир окуучу, студентке мамлекет  жетишээрлик  кам көрөт.  Эгерде ата – энеси баласынын окуусун камсыздай албаса, жоопкерчиликти мамлекет өз мойнуна алат. Сен оку, шартты биз түзүп беребиз” – деген сөз  өлкөнүн девизиндей сезилет.

Ааламдашуу доорундабыз…

Азыр ааламдашуу доору. Бул нерсени башка мамлекеттер колдонуп жатат. Биз, ошону эч пайдалана албай келебиз. Ушул макаланы окуп жаткан окурмандарга, инилериме, карындаштарыма айта турчу эң биринчи насаатым – кесипти туура тандагыла, изденгиле. Кийинки 10- 20 жылдыкта  көптөгөн кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот. Силер ошол доорго ылайыктуу кесиптерди үйрөнгүлө. Азыр информациялык технологиянын заманы болуп жатат. Ким окуп билим алса– дүйнө демек ошонуку. Көбүнчөсү IT, программист, биотехнология, финансист жалпысынан технологияга багытталган кесиптерди тандасаңар болот. Англис тилинен эл – аралык TOEFL,IELTS, SAT жана немис тилинен TestDaf, DSH тесттери бар, ошолорго даярданып тапшыргыла. Аракет аркасында берекет бар. Мезгил бизди күтпөйт андыктан жетишип жашоо керек. Жаңыча  жашоону азыр баштагыла. Китепти көп окуган адам эч качан караңгыда калбайт.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз