Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын билдирди.

Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык түйүндөргө тарады. Калмаматовдун белгилешинче, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышкан.

Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, “күбө катары суракка чакырылганы” тууралуу кагаз беришкен. Ошондой эле ал тарапташтарына кайрылып, тынчсызданууга негиз жоктугун, эч бир ишке тиешеси жок экенин айткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.