Калкты көмүр менен камсыздоо 15-сентябрдан тарта башталат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖЭБге көмүр быйылкы жылдын эсебинен шериктеш ишканалар менен биргеликте июль айынан баштап коюлган графиктин негизинде көмүр тынымсыз киргизилип жатат. Бүгүнкү күндө 120 миң тонна көмүр киргизилген.

“Республика боюнча бүгүнкү күндө 758 көмүр кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1 миң 330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт”, – деп айтылат маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.