Американын Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт 76 адамдын өмүрүн алды. Мындан сырткары 1300 адам дайынсыз болууда. Тилсиз жоонун кесепетинен 10 миңден ашуун үй күлгө айланган. Өрт жалпы 600 чарчы квадратты ээлеген,

Өрттү өчүрүү үчүн беш жарым миң өрт өчүрүүчү тартылган. Өзгөчө кырдааларды алдына алуу штабынын маалыматында тилсиз жоо саатына 130 километр тездикте таркалып жатат.

Парадайс шаарына түп орду менен күйүп, жок болгон. Калифорниянын губернатору Жерри Браун мындай жаратылышы кырсыктарына климаттын өзгөрүүсү чоң таасир берип жаткандыгын айтат.

Калифорнияны каптаган от АКШ да акыркы жүз жыл ичинде катталган эң чоң тилсиз апаат болду. Мындан жүз жыл мурун, тагыраагы 1918-жылы Америкада дал ушул өндүү өрт кырсыгы катталып 1000ден ашуун адам набыт болгон.

(Видео тасма интернеттен алынган)

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.