Буга чейин бир катар кайрымдуулук иштерди аркалап келген “Каганат инвест” холдинги алгачкылардан болуп Баткен калабасында кыйратылган үйлөрдү калыбына келтирүүдө өз көмөгүн көрсөтүү ниетинде 20 үйдү жаңыдан куруп берүүнү колго алды.
Холдингдин жетекчиси Нурбек Осмоновдун мындай алгылыктуу чечимин Баткендиктер эле эмес, бүтүндөй коомчулук алкап туру.
Кыргыз элибизде дал ушул Нурбекке окшогон кайрымдуу, берешен жигиттер коогалаңдын кесепеттерин жоюууда өкмөтбүзгө чоң өбөк болмокчу.
Айта кетчү жагдай аталган холдингдин карамагындагы “Ихлас” компаниясы ар дайым кайрымдуулук иштерди аркалап келген мекемелердин сап башында турат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.