Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын 2018-жылдагы мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубу билдирет.

FFKR Football Awards-2018 сыйлоо аземи кечээ болуп өттү.

Маалыматка ылайык, мыкты оюнчу жана машыктыруучуларды 11 категория боюнча аныкташкан. Тандоону футбол федерациясынын 30 кишиден турган атайын комиссиясы жүргүзүшкөн.

Ал эми мыкты машыктыруучу наамына “Дордой” жана Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин татыды.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз