Бүгүн өлкө башчысы С.Жээнбеков парламенттин отурумуна катышты. Мурда айтылгандай жаңы өкмөттүн курамы парламентте ант беришти. Ант берүү аземинин соңунда президент кыскача сөз сүйлөдү.

Өлкө башчысы өз сөзүндө азыркы өкмөттүн курамы кризистик шартта иштээрин белгилеп, абалды жөнгөрүүгө мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга токтолуп, кайрадан өзгөчө абал киргизүү мүмкүн эместигин белгиледи.  Анткени экономикалык оор кырдаал ага жол бербестигин айтты.

Ошол эле учурда баардык карантиндик шарттарды күчөтүлгөн режимде кармоону эскертти.

Жана дагы алдыда өтүүчү шайлоолорго кыска токтолуп, шайлоо ачык-айкын, баардык партияларга бирдей шартта болоорун айтты. Өлкө башчысы катары бардык партияларга тегиз мамиле кыларын айтып, жеңген партиялар менен иштеше берээрин билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.