Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнү болору айтылууда
Назаркул - 17:01, 29.05.2018696
Кадыр түн Кыргызстанга 11-июндан 12-июнга караган түнү болорун муфтияттан маалымдашууда.
“Кадыр түн июндун 11инен 12исине карганда болот, бирок бул түн Рамазандын акыркы 10 күнүнүн так күндөрдүн биринде жашырылган”, — деп айтышты муфтияттан.
Кыргызстандыктар Кадыр түндү былтыр, 2017-жылы, 21-июндан 22-июнга караган түнү тоскон.
Мурдатан маалым болгондой Кадыр түн орозонун 27сине караган түнү белгиленип келет. Ал эми быйыл орозо 15 же 16-июнда аяктай турганы айтылууда.
If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.