2021-жылдын 10-февралында УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын директорун жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адисин кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, директор менен жетектөөчү жең ичинен сүйлөшүп алышып, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, Жабык Акционердик Коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды. Анын кесепетинен мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалгандар тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.