Интернетке Кадамжай районунун Көтөрмө айылындагы Х.Жаныбеков орто мектеби жараксыз абалда экендигине карабай окуучулар окуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарады. Аны аталган айылдын тургуну Өмүрбек Азимбаев аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөп, президентке кайрылуу жасады.

“Учурда мектептин абалы кооптуу болгондугуна карабай окутуу иштери кооптуу жайда жүрүп келет. Айыл тургундары, жаштар тарабынан эски имараттын ордуна заманбап типтүү имаратты курууга көмөк көрсөтүү суралып, Жогорку кеңештин депутаттарына, Кыргыз Републикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине каттар жолдонуп жыйынтык чыкпай келүүдө” – деди Азимбаев

Аталган мектепте 143 окуучу, 18 мугалим, 8 тех кызматкер эмгектенет. Мектеп 1996-жылы “ашар” жолу менен курулуп кийин Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин №199 аныктама корутунду актысынын негизинде авариялык абалда деп табылган. Бирок башка мектеп жок болгонуна байланыштуу окуучулар өмүрүн тобокелге салып билим алышат. Азимбаев 2020- Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында окуучуларга мектеп имаратын курууга президенттен жардам сурады.

“Көтөрмө айылы район борборунан алыс, шарты татаал, деңиз деңгээлинен 1800, 2000 метр бийиктиктеги аймакта жайгашкан.Айылда маданият үйү, бала бакча, спорттук зал сыяктуу бир дагы социалдык обьекти жок. Ушундай шарттарды жана жылдан жылга өсүп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн санын эске алып Х. Жаныбеков атындагы орто мектебин 150 орундуу, спорттук залы жана жыйындар залы менен заман талабына ылайык кылып, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү үчүн мектеп имаратын жаңыдан курууга жардам берүүңүздү суранам” –деп жазган фейсбук колдонуучу

Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)Кадамжайдагы кооптуу абалдагы мектеп (сүрөт)

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.