Кадамжай районунда белгисиз адамдар Үч-Коргон айылынын тургунун уурдап кетип, андан 950 миң сом талап кылышкан. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, Үч-Коргон айылынын тургунуна белгисиз адамдар телефон чалып, жолугууга келүүгө чакырган. Ал чакырылган жерге барганда, белгисиз адамдар аны “Toyota Camry” унаасына күч менен отургузуп, талаага алып кетишкен. Ал жактан аны сабап, ири өлчөмдө акча талап кылышкан. Болбосо өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.