Адам баласынын тарыхы жашоо турмушу менен тыгыз байланышы бар көгүчкөндөр бүгүнкү күндө сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн символу катары сыппаталып келет.  Жер бетинде кептерлер деген дагы бир аталыш менен кеңири тараган бул куштун учурда  43 уруусу, 285 түрү белгилүү. Көгүчкөндөрдүн жапайылары адатта  токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, ар кандай  курулуштарга уялашат. Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, эң алгач адамдар көгүчкөндөрдү тамак-ашка колдонушкан, бирок көп өтпөй бул куштардын баккан ээсине кайра кайтып келүүгө болгон эбегейсиз  жөндөмдүүлүгүн байкашып,  көгүчкөндөрдү  кабарларды өз убагында жеткире алышкан  чыныгы почточу  катары  пайдаланышкан. Кээде алар аскердик буйруктарды жеткиришип,  согуш талааларында кадимки кат ташуучу кызамттарды аткарышкандыгы белгилүү.  Анын натыйжасында аскер адамдары бири-бирине ар кыл буйрутмаларды жазып жөнөтүшүп, жеңишке жетүүгө умтулушкан. А бүгүнкү күндө айрым көгүчкөндөр баккан ээсине  миллион доллар пайда  алып келиши  толук мүмкүн. Бул өңүттөгү окуялар көбүн эсе чет мамлекеттерде катталып келет. А бирок Кыргызстанда да аталган чарбачылыкка баш багып, алардын ысык-суугуна чыдап асырагандар да арбын. Алардын бири Раман Алданбергенов, ар кыл оюндарды көрсөткөн көгүчкөндөрдү багып келет.КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Дал ушинтип көгүчкөндөрүнүн ар бирине өз мээримин төгө, бала асырагандай эркелетип кароо Раман Алданбергенов үчүн адатта айланган. Өзү борбор калаадагы ЖЭБнун темир жол тармагында эмгектенет. Казакстан жергесинен да дал ушул кесиптин аркасы менен келип олтурукташып, кыргыз кызына баш кошуп, кийин куда күтүп жашап калган  экен. А бирок каарманым бул куштарды 15 жашынан бери багып келе жаткандыгын, көгүчкөндөр үчүн жаштыгын арнаганын айтат. Анын бирден-бир себеби, көгүчкөндөр адам баласын мээримдүүлүккө үйрөтүп, терс энергияны жокко чыгарып, көңүлдү жай кылганында дейт.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Кыргызстанда өзбек тукумундагы көгүчкөндөр кеңири таралган. Алар өз ичинен эки топко бөлүнөт. Бири сальто жасоого жөндөмдүү болсо,  экинчиси сырткы көрүнүшү кооз келип жогору бааланат. Раман Алданбергеновдун чарбасында да  бир канча пародадагы көгүчкөндөр бар. Алардын баардыгы сальто жасап, оюн көрсөтүүгө жөндөмдүү.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөр башка куштардан акылдуулугу жана тез көбөйгөндүгү менен айырмаланат. Эки-экиден же кээде топ-топ болуп жашаган бул куштардын жупташуусу жаз айларынан башталат. Анда эркектери ургаачыларын кызыктыруу үчүн бийлеп да беришет. Жапайы көгучкөндөр бири-бири менен өздөрү табышканы менен үй шартында багылган көгучкөндөрдү чарбакерлер пародасына, куштардын иммунитетине карап жупташтырат.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөр адатта бар болгону 2 жумуртка тууп, а бирок жумурткасын эркеги да, ургаачысыда  тең басат. Балапандары  жылаңач, айрым учурда  тыбыттуу болуп жаралат. 2 ай аралында эле көзү көрбөй жаралган балапандар учууга даяр болушат дешет. Дал ушул маалдан тарта балапандарын көгучкөндөрдүн энеси эмес атасы тамактандырууга өтөт. А энеси кайрадан жумуртка тууп басып чыгарууга кириешет. Ошентип көгүчкөндөр жаз айларынан тарта, кеч күзгө чейин ар эки ай сайын балапан чыгарып жүрүп олтурушат. Калк арасында көгучкөндөр балапандарын эң алгач ирет басып чыгарган маалда энеси сүт кусуп берип  багат деп да айтылып келет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөрдү жыл мезгилине карата ар кыл дандар менен азыктандыруу сунушталат. Раман Алданбергеновдун айтымында канчалык туура тактандырса, кептерлер ошончолук күчтүү келип, оору сыркооодон алыс болушат. Көгүчкөндөр куш тумосу, витаминоз, орнитоз илдеттери менен көп жабыркашат. А бирок алдын ала эмдөө жүргүзүп, учурунда дарыласа анчейин деле коркунуч жаратпайт.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгучкөндөрдүн дарттарынан улам Раман Алданбергенов куштарын башка чарбаларга кошуудан жана бейтаныш адамдардан сатып алуудан кооптонот. Ал кептерлерин атайын буйрутма менен ишентичтүү гана чарбалардан алдырдат. Көбүн эсе Казакстан жергесинен. Мындан сырткары мындай көгүчкөндөрдү  көз боемочулар да кеңири колдонуп келишет. Буга да көгучкөндөрдүн жашаган жайына кайра кайтып келүүсү негиз болгон дешет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Ал эми соңку мезгилдерде “Кинг” пародасынан чыккан эт багытыдагы көгүчкөндөр да чоң суроо-тлапка ээ болуп келет.  Көрүнүшү тооктор сымал болгон бул көгүчөндөр 800 граммга чейин эт берип, курамы табигый белокторго, аминокислоталарга, витаминдерге жана минералдарга бай дешет. Ошондуктан көгүчкөн этин колдонуу ден-соолукка абдан пайдалуу келип, чет элдик мейманканаларда жогору бааланып ар кыл тамактар жасалат.КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Бир кездерде болуп көрбөгөндөй ачылыш жасаган бул куштар 19 кылымда Султан  Салах ад-Диндин хансарайында кат ташып миңдеп багылганы баяндалып келет. А бирок ал почточу көгүчкөндөр азыр анчейин деле суроо-талапка ээ эмес. Учурда дүйнө элин дүңгүрөтүп жаткан спортчу көгүчөндөр. Алар саатына 70-80 чакырым учушуп, белгиленген жерге биринчи жеткенине 100000 евро байге тартууланат. Бул мелдеш АКШдагы Сан-Сити шаарына ар жыл сайын өткөрүлүп,  таймашка 37 мамлекеттин өкүлдөрү алып келген  3000ден ашык көгүчкөн учурулат. 540 км аралыкка багытталган мелдешке учураар алдында көгучкөндөрдүн буттарына шакектер салынып, ар бирине белги коюулат. Ал эми Орто Азияда бул багыттагы көгүчкөндөр 8000 долларга чейин бааланып келет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.