Архитектура – бул искусствонун кызыктуу бир жанры болуп эсептелинет. Дүйнөнүн дээрлик бир канча жеринен өзгөчө архитектуралык курулуштарга ээ, байыркы сепилдерди, кремлдерди, ак сарайлар менен мечиттерди, өзгөчө оргумаларды кийинки мезгилдерде эле курулган театр, китепканаларды көрүүгө болот. Биз ошол курулуштардын арасынан дүйнөдөгү эң кооз фонтандарга кызыгып көрдүк.

1. “Байлык”

Сингапурдун эң ири соода борборлорунун биринен орун алган  “Байлык” оргумасы калаанын эң негизги сыймыктарынын бири. Ал өзгөчө кооздугу менен Гиннес Рекорд китебине кирген.

2. “Swarovsk” 

Өзгөчө жасалгадагы бул оргума Австриядагы Ваттенс шаарындагы ишкананын кире беришине салынган. Туристтерди өзүнө тарткан негизги өзгөчөлүгү – оозунан суу агып турган адамдын башы.

3.  “Жанар тоо” 

Абу-Дабиде орун алган фонтан кадимки жанар тоонун сөлөкөтүндө жасалган. Инженердик искусствонун жетишкендиги деп эсептелген фонтан миңдеген туристтерди өзүнө тартат.

4. “Банпо” көпүрөсүндө жайгашкан “Айлуу Күн желеси” 

“Банпо” көпүрөсүндөгү фонтан Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында жайгашкан. Фонтан “Банпо” көпүрөсүнүн жээгине салынып, өзгөчө жасалгасы менен элди суктандырат. Узундугу 570 метрге жеткен фонтан-көпүрө Сеулдун эң негизги сыймыктануучу жайларынын бири.

5. “Bellagio”

Бул фонтан Лас-Вегаста жайгашкан эң кымбат жана эң кооз фонтандардын бири. Бул фонтандын өзгөчөлүгү таланттуу композиторлордун чыгармаларына жана опера чыгармаларына бийлейт.

6. “Калкыган оргума”

“Калкыган фонтан” – атактуу архитектор Исам Ногучиге таандык. Түзүлүшү менен өзгөчөлөнгөн бул фонтан 9 геометриялык фигурадан турат. Жапониянын Осака шаарында орун алган.

7. “Бийлеген оргума”

Дубайдагы  музыкага бийлеген фонтан көпчүлүктүн купулуна толуп, келген туристердин кызыгуусун арттырат. 12 каскаддан турган оргумага түстүү жарыктар да көрк берип турат.

Жогорудагы фонтандардан өзгөчө бул эмгекти чыныгы жашоодо көрүү мүмкүн эмес чыгаар. Бул эстелик фонтан Америкалык архитектор Чат Найттын чыгармасы. Ким билет, балким жакында ишке ашып калгысы бар чыгар.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз