Темирлан Ормуковду сот тергөө амалдары аяктагыча абакта кармоо чечимин чыгарган. Бирок, тергөө амалдары 29-апрелде соңуна чыкканына карабай акын дагы деле темир тор артында кармалууда. 

Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. 

Айтымында, жалган жалаа боюнча анын ишин Октябрь райондук соту карап жатат. Тергөө убагында Ормуков кардиологияда жатып дарыланган, андан кийин Воронцовкада болгон. Ошол убакта ага издөо жарыяланып, эч кайда чыкпоо боюнча тилкаттын эрежесин бузду деп айыпташып, мындан улам баш коргоо чарасын абакта кармоого өзгөртүшкөн. 

“Тергөө амалдары 29-апрелде аягына чыккан. Бирок, ал кармалып турган абак жетеекчилиги бизге эгер иш сотто болсо бул мөөнөт эсепке алынбайт деп жооп беришти. Биринчи инстанция аны актаса гана Ормуков эркиндикке чыгат экен”, – дейт укук коргоочу. 

Эске салсак, Ормуков оппозициялык маанайдагы ырларды жазган акын катары белгилүү. Ал мурдагы президент Атамбаевдин дарегине ачуу сындарды айткан. Ошондой эле ЖК депутат Дастан Бекешевди да оң рулдуу автоунаалардын ээлеринен алардын кызыкчылыгын коргойм деп ири суммадагы акча алганын соцтармактарга жазып чыккан. Депутат акындын үстүнөн сотко арызданып, анын негизинде кылмыш иши козголгон. 


Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз