УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Баткендеги чек арада жайгашкан Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иштери март айынын алгачкы он күнүндө, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр марттын экинчи он күндүгүндө кайрадан жанданат деп билдирди.

“Быйыл чек аранын 150 чакырымы демаркация болот, тикен зым менен тосмолор коюлат. Мурда жылына 15 чакырымдай эле демаркация болуп турган экен. Мен чек арага байланыштуу бардык маселеге жооптуумун”, -деди Ташиев.

Белгилей кетсек, айыл тургундары менен жолугушууга Ташиев менен кошо өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган ыйгарымдуу өкүл Өмүрбек Суваналиев, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү катышууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.