Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөтүнүн 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары каралган кезектеги жыйынында билдирди.

ИДПнын реалдуу өсүшү Кумтөр кен ишканаларын кошпогондо 1,4% көбөйүп, 105,3% түзгөн. ИДП өсүүсүнө негизги салымды 15,7% реалдуу өсүш темпи менен өнөр жай тармагы кошкон, бул негизинен Кумтөр кенинде металлдарды иштеп чыгуунун эсебинен ишке ашкан. 2019-жылдын январь-мартында мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 33,1 млрд сомду же белгиленген пландан 102,9% түзгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көмүскө экономика менен күрөштүн так жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биздин мамлекеттин чек арасын эсепсиз кесип өткөн продукциялар менен күрөштү күчөтүү керек. Товарларды мындай ташуу атамекендик экономикага зыян алып келет жана салыктык түшүүлөрдүн көбөйүүсүн шарттабайт. Көмүскө экономика менен күрөшүү күчөтүлүшү зарыл. Такталбаган товарды ташууну токтотпостон жана салык төлөмдөрүн башкарууну жакшыртпастан биз бюджеттик тармактын жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча өзүбүздүн социалдык милдеттерибизди аткара албайбыз», – деди.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки ай мурда мунайзат продуктуларын темир жол аркылуу гана ташуу зарылдыгы тууралуу күйүүчү-майлоочу май ташуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Бул маселеде көрүнүктүү жылыш жок. 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көмүскө экономика менен күрөшүнө жекече баа берилмекчи. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине өзгөчө көңүл буруп, картошка окуясы кайрадан кайталанбашы үчүн дыйкандар менен кыйла тыгыз иштөө зарылдыгын баса көрсөттү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз