Бишкектеги Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кампада көмүр лимит менен сатылууда, бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана берилет.

Лимит сатуучулар тарабынан алып сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген.

. Учурда Бишкекке 16 унаа көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар.

Кечээ президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда борбордо көмүрдүн баасы тоннасына 3 миң сомго чейин арзандарын убадалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.