АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенаттын кароосуна жөнөтүүнү колдоду. Бул тууралуу Associated Press агенттигинин маалыматына таянуу менен Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды. .

Маалыматка караганда, конгрессмендердин 228си макул, 193ү каршы добуш берди. Эми сенаторлор Трамп ага тагылган айыптар боюнча күнөөлүү же күнөлүү эмес деген чечим чыгарат.

Президент «Кызматынан кыянат пайдаланган» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан» деп айыпталууда. Трампты кызматтан кетирүү үчүн импичмент ишин сенаторлордун үчтөн экиси колдошу керек.

Сенатта көпчүлүктү Республика партиясынын өкүлдөрү түзөт. Буга чейин алардын эч кимиси Конгресстеги айыптоолорду колдогон эмес. Талдоочулар Трамптын акталарын ишенимдүү түрдө айтып жатышат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.