17-июлда Жумгал районунун Арал айылында Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен адамдын денеси 31-июлда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыяга 1964-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Аны издөө иштеринен жыйынтык чыкпай келген. Кечээ, 31-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 24 куткаруучу жана 5 суучул тартылган. Алар маркумдун денесин саат 15:40 чамасында суудан таап чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз