Пакистанда Кыргызстандын жана Пакистан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жана чет өлкөлөрдө Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу максатында  Кыргыз дипломатиясынын 75 жылдыгына арналган «Көчмөндөр каада-салттарынын жана улуттук кийимдеринин дүйнөсүнө саякат» деп аталган салтанаттуу кечеси өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Пакистанда аккредиттелген чет мамлекеттердин элчилеринин жубайлары, Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана башка чакырылган меймандар катышты.

Чет өлкөлүк конокторго “Курманжан датка” тарыхый тасмасынын трейлерин, тематикалык сүрөт көргөзмөсүн , ошондой эле Кыргыз улуттук кийимдерин көрө алганга, улуттук тамактардан ооз тийгенге мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты чет-өлкөлүк конокторду кыргыз элинин каада-салттары жана адаттары менен, биздин ата-бабаларыбыздын көчмөн маданияттары менен тааныштыруусу болду.

«Көчмөндөр каада-салттарынын жана улуттук кийимдеринин дүйнөсүнө саякат» деп аталган салтанаттуу кечеси коноктордун Кыргызстандын тарыхына жалпы кызыгуусун өстүрдү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз