Ө.Бабановдун эртең Кыргызстанга келишине кам көргөн тарапташтар менен бийликтин ортосунда карама каршылыктар пайда болууда. Мындай дегенибиз эртең Бишкекте, Таласта өтчү митингдердин ордуларына сот тарабынан макулдук берилген жок.  Бишкекте эски аянтта эмес Горький эс алуу аянтчасында өткөрүү сунушталды.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев учурда Таласта митинг өткөрүү боюнча соттун чечимин күтүп жатканын айтты. К. Бокоев: “Биз Таласта митинг өткөрүү боюнча бир нече күн мурда билдирүү бергенбиз. Шаар бийлиги аны бир нече күн колунда кармап жатып, бүгүн сотко жөнөтүптүр. Бабановдун келишине бир сутка калды. Мындай биринчи жолу болуп жатат. Акаев, Бакиевдин учурунда да баардык митингдер облустук администрациянын алдында өтүп келген. Бул жакта митинг өткөрүү үчүн башка ылайыктуу  жер  жок. Эми соттун колу менен биздин акцияны тоткулары  келип жатат”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз