Генерал Курсан Асанов кызматтан алынгандыгы боюнча билдирүү жасады.

“Мени ИИМдин орун басарлык кызматынан “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды жана ишенимден кетти” деген айып менен алды. Мен бир гана нерсени айткым келет, 7-8 августтагы окуядан улам бүтүндөй өлкөдө кыйын кырдаал жаралган болчу. Мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Жеке кызыкчылыктарымды өлкөдөн жогору койгон жокмун. Генералдык сөз берүү мен үчүн курулай кыйкырык эмес. Кызматымдан улам өлкөнүн кыйын кырдаалдарда калган учурларына далай ирет туш болдум. Андай учурда мекендин тынчтыгы үчүн күчүмдү да, жанымды да аяган эмесмин. Мен ойлоймун, мага тагылган айып ачык-айкын түшүндүрүлөт деп. Өлкөмдүн жана абийиримдин алдында мен тазамын”,-дейт Асанов.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов ИИМдин орун басарлык кызматынан бошотулган. Анын ордуна аталган кызматка Памирбек Асанов дайындалган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз