Казакстандын Чымкент шаарында 4 адамды үйдүн дубалы басып калды. Анын экөөсү окуя болгон жерде көз жумса, калгандары оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, каргашалуу кырсык 9-май күнү  кечке жуук болгон.

Төрт адам туугандарынын эски үйүн бузуп жаткан кезде бийиктиги 3 метрге жеткен турак жайдын капталы кулап кеткен.

Жаракат алгандарга дарыгерлер тез арада операция жасаган. Бирок аман калган экөөсүнүн абалы оор деп айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз