Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Издөөгө алынган жогорудагы жарандар Кыргызстанда жашырынып жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Алардын издөө максатында Бишкекке Казакстан Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция департаментинен бир нече ыкчам кызматкерлер келишкен.

Жакында, Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен  биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринен Казакстан Республикасынын 1990-жылы туулган Е.Ж. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандары кармалышты.

Кармалган жарандар Жамбыл облусунун тургундары болушат. Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалышты. Мыйзамга ылайык жогорудагы учур боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз