ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Тажикстан Республикасынын жараны, Согдий облусунун тургуну 1992-жылы туулган Г.У. аттуу кармалган. Издөө иши 2019-жылдын февраль айында козголгон. Кармалган жаран камакка алынды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз