Италияда эмгектенген мекендешибиз 13 адамга 19 миң сомдук жардам көрсөттү
Назаркул - 11:48, 04.06.2018151
Италия мамлекетинде эмгектенип жүргөн мекендешибиз Тимур Жумадылов ыйык Рамазан айынын урматына карата муктаж 13 адамга 19 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Иш чара Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында борбордук мечитте өтүп, ага райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев катышты.
Максат Сейталиев: “Италияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге ырахмат, себеби кайрымдуулук ишин аткаруу көп эле адамдын колуна келе бербейт. Бул жолду 13 адамдын ар бирине 1 500 сомдук тамак-аш азыктары таратылды”,-деди.
If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.