Эл аралык Олимпиада комитети кечээ Лозанна шаарында өткөн 134-сессиясында 2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары Италияда  өтө тургандыгын жарыялады.

Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Италия менен кошо Швеция мамлекети талапкер болгон.

Италия буга чейин үч ирет Олимпиада оюндарын өткөргөн. 1956-жылы Кортина-д’Ампеццо шаарында (кышкы), Рим шаарында 1960-жылы (жайкы) жана Турин шаарында 2006-жылы кышкы олимпиада оюндарын өткөргөн.

Ал эми XXIV кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылы Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн. 2022-жылы болсо дүйнөлүк ири мелдешти Кытай өлкөсү Пекин шаарында кабыл алат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.