Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кынуусун алышкан. Алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келери менен бюджеттик каражатты жырып алат дагы, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске кире качышат. Ошентип, алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө маалыматы угулуп жатканда айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Андан тышкары, депутат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик акысыз кызмат көрсөтүү чараларын стандартташбаганын баса белгиледи.

Аида Исмаилова: «Мындайча айтканда, ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек», – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.