Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жана студенттери республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмүнө өз каалоолору менен донор болушуп, кан тапшырышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов кан тапшыруу,  башкаларга пайдалуу иш аракеттерди жасоо Ислам дининдеги сооптуу амалдардан экендигин айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

КИУнун студенттеринин маалыматына караганда, донордук кыймылды өнүктүрүү, жаштарды гумандуулукка үйрөтүү жана бири-бирине аяр мамиле жасоого чакыруу атуулдук милдет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз