Бүгүнкү күндө карызга акча алып, аны төлөбөй качып кеткендер четинен чыгат. Бул нерсе шарятта өтө катаал сурала тургандыгын биле жүрүшүбүз керек. Анткени, карызын төлөбөө исламда күнөө болуп, Сурак күнү ал катуу жазага тартылышы мүмкүн. Төмөндө сиздерге исламдагы аласа-бересе мамилеси жана анын 16 өзгөчөлүктөрү тууралуу макаланы сунуштайбыз.

Ыйык Курандагы эң узун сүрөнүн эң узун аяты Карыз маселесине арналган. Эң узун сүрө – “Аль-Бакара”.

“Аль-Бакара” сүрөсүнүн 282-аятында мындай деп айтылат:

“Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Аллахтын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Аллахтан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин. Эгер (карыз) киши акылсыз, алсыз, же ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек жана эки аял. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскертет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын. (Карыздын) аз, же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып коюудан эринбегиле. Мына ушул – Аллахтын алдында –адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок. Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө. Катчы да, күбө да зыянга учурабасын. Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Аллахтан корккула. Ошондуктан, Аллах силерге үйрөттү. Аллах-бардык нерсени Билүүчү”.

1- Бул аяттан Аллах Таала карызга алуу жана берүүгө уруксат бергенин билүүгө болот. Бирок бул процесстин өз шарттары болот. Ал жогорудагы аятта так-таасын баяндалган.

2- Акчаны же мүлктү карызга берүү – сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухамеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сүннөтү болуп саналат. Бирок, билүү керек болгон нерсе, карызга берүү кырдаалга жараша сүннөт гана болбостон важиб, макрух же харам категориясына кирип калышы мүмкүн. Карызга берип жаткан киши карызга алып жаткан адамдын бул акчаларды кандай максатта пайдаланарын такташы зарыл. Эгер адам ошол акчага чындап эле муктаж болуп жаткан кезде карызга берүү сүннөт болуп эсептелет. Эгер адамдын өмүрүн сактап калууга, мисалы, операция жасатууга керек болсо, карызга акча берүү – важиб (фарзга жакын). Ал эми карызга ала турчу адам ал каражатты жөндөн жөн, ырахаттанууга, керексиз нерселерди сатып алууга коротсо, бул учурда карызга берүү – макрух. Эгер адам карызга алынган каражатты казиного, ичкиликке же башка арам нерселерге жумшаса, карызга акча берүү арам категориясына кирип калат.

4- Карызга акча берген адамдын сообу садака берген адамдан да жогору турат. Карызга акча берүү менен ал адамды акчаны кайтаруу үчүн иштеп, өсүүсүнө мотивация берген болот. Хадистерде мындай деп айтылат: “Мен Мираж түнү бейиштин дарбазаларында “Садака берген 10 тепкичке, ал эми карызга акча берген адам 18 тепкичке көтөрүлөт” деген жазууну көрдүм”. Тактап айтканда, садаканын сообу 10 эсе, карыз акча бергендин сообу 18 эсе көбөйөт. Мусулман адамга 2 ирет карызга акча берүү бир жолу акчасын кайтарымсыз бергенге тете болуп калат.

5- Мусулман адамдын карызга акча алууга мүмкүнчүлүгу болуп турса да, ал карыз албаганга аракеттениши жакшыраак. Оор кырдаалдан карызсыз чыгууга мүмкүн болбогон учурда гана алуу шарт. “Карыздан сактангыла! Карыз бул- түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби” (аль-Байхаки).

Бир жолу сахабалар пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) менен бирге отурушканда пайгамбарыбыз башын асманга көтөрүп, колун чекесине коюп: “СубханАллах, кандай гана катаалдык түшүрүлдү”, деди. Сахабалар коркуп кетишип, эмне болгонун сурашат. Анда пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип жооп берген:

“Менин жаным колунда болгон Зат менен ант беремин, эгер адам Аллах жолунда кайтыш болсо жана бул адамдын карызы болсо, ал бейишке карызын төлөмөйүнчө кирмек эмес”. (Бул хадисти имам Ахмад, ан-Насаи жана Хаким айтышкан).

6- Карызга алып жатып адам ал карызын убагында, же андан да эртерээк кайтарып бергенге ниет коюусу керек. Карызды кайтарууга ниет коюу абдан маанилүү. Анткени бул учурда Аллах Таала ал адамга Өзү жардам берет. “Ким башка бирөөнүкүн кайра кайтарып берүү ниети менен алса, ага Аллах Таала жардам берет”, “Ким карызды коротуу ниети менен гана алса, ал адамды Аллах Таала кыйроого учуратат”, “Кимде-ким өзүнүн карызын ойлоп сарсанаа болсо, Аллах Таала ал адамга Өзүнүн кайтаргычтарын коюп коет. Алар адам карызын төлөп алуусу үчүн аны капыстан келчү кырсыктардан , кыйынчылыктардан сактап турат”, “Кимде-ким карызга акчаны аны кайра кайтарып берүүнү ойлобостон туруп алса, анда ал Аллахты ууру абалында жолуктурат” (Ибн Маджа).

7-Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) да карыз алган. Бирок кантип?

Пайгамбарыбыз бир иудейден тамакты карызга алып, ордуна темир соотту таштап кеткен («Фатхуль-Бари», 5/53). Демек, Пайгамбарыбыз карызга алып, бирок ордуна бир нерсе койгон. Бул – келишимдин эң даанышман чечими эле: карызга алган адамга карызын төлөй албай калган кезде жашырынып жүрүүнүн кереги жок эле, карызга берген адам да тобокелчиликке барбайт. Экөөнүн ортосунда таарыныч болбойт. Төлөнбөгөн карыздар карызга алган адамдын кайтыш болуп кеткенинде да анын туугандарына оор жүккө айланбайт.

8-Кеңеш. Бүгүнкү күндө чоң суммадагы акчаны же каражатты эч кандай кепилдиги жок карызга берип, адамдарга толугу менен ишенич өтө оор. Айрым учурда карызды эң жакын адамдарың да кайтарбай коюшу мүмкүн. Кепилдиги жок карызга берип жатып аны кайтара албай калышыңызды да ойлонушуңуз керек. Ошондуктан, сиз тараптан белгилүү бир чыгаша болорун билиңиз. Психологиялык көз караштан алып караганда, ичиңиз ачышпай тургандай сумманы карызга (кепилдиксиз) берген оң.

9-Карызды болушунча эртерээк төлөгөнгө аракеттенүү зарыл. Карызы бар адамдын садака берүүгө, ажылык сапарга барууга жана башка кайрымдуулук иштерин жасоого укугу жок. Анткени хадисте мындай деп айтылган: “Карызы бар адамдын жана үй-бүлөсү жакырчылыкта болгон адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт” (аль-Бухари).

10- Карызың болуп туруп, акчаны өтө муктаждыгың болбогон нерселерге коротууга да тыюу салынат. Биринчи приоритет – карыздан кутулуу болуусу керек.

11- Эч кандай шылтоого орун жок. Сахаба Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) бир иудейден карызга акча алат. Анын үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси болгон эмес. Иудей болсо убакыты келгенде Абу Хадраддан карызын берүүсүн катуу талап кылат. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул убакта Хайбарга жүрүшкө даярданып жаткан. Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) иудейден дагы бир аз убакыт берүүсүн суранат, бирок иудей такыр макул болбой, аны Пайгамбарыбыздын алдына алып келет. Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) кийген кийиминен башка эч нерсеси жок экенин, жүрүштөн келген соң, ага бир нерсе тийсе карыздан кутуларына сөз берет. Анда Пайгамбарыбыз карызды төлөө керек экендигин, эч кандай шылтоого орун жок экендигин айтат. Ошондо Абу Хадрад кийиминин айрым бөлүгүн чечип, аны сатып, карызынан кутулат. Ал эми өзү болсо селдесинин кездемесине оронуп алат. Бул окуядан билингендей, ошол кезде адамдар өзүндөгү акыркы калган нерсесин берип, карыздарынан кутулушкан.

12-Исламда карызга акча берип, үстөк пайыз менен кайтарып алып, акча табууга тыюу салынат. Үстөк пайыз – оор күнөө. Хадисте айтылгандай, карызга кандайдыр бир пайда табам деп берүүгө катуу тыюу салынат. Бирок карызга алган адам карызын берип жатып, ага кыйын учурда кол сунган адамга жүрөгүнөн чыккан белегин берүүгө болот. Сизге кыйын учурда жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирүү сүннөт болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан: “Адамдардын эң мыктысы – карызын эң мыкты таризде кайтарып бергендер”.

13-Кимде ким кыйын абалга кабылып,карызын төлөй албай калса, ал карыз алган кишиге кайрылып, дагы бир аз убакыт берүүсүн суранышы керек. Ал эми карыз берген киши болсо боорукерлик кылып, кошумча убакыт берип, карыз алган адамдын абалы өтө эле оор болсо, колунан келсе карызын кечип да салса чоң сооп жазылат.

“Карыз берген кишиге күн сайын кайрымдуулуктун жакшылыгы жазылат. Кимде- ким карыз алган оор абалдагы кишиден акчасын алууга шашылбаса, ага бүт мүлкүн берген сымал садака жазылат. (аль-Хаким).

14-Карызын төлөөгө күч-кубаты жетип, бирок карызды кайтарууну маанилүү көрбөгөн адамдын бул кадамы кысым көрсөткөн (зулумдук кылган) адамга тете болот. Ал эми кысым көрсөтүү Аллах тарабынан каргалган.

“Мүмкүнчүлүгү болуп туруп карызын төлөбөгөн адамга күн сайын кысым көрсөткөн адамдын күнөөсү жазылат” (ат-Табарани) – хадис.

15-Эске ала турчу жагдай, шейит кеткен адамдын дагы карызы кечирилбейт. Сот күнү ал баарыбир жоопко тартылат. Муну тастыктаган мындай хадис бар: “Шейит болгон адамдын карыздарынан башка күнөөлөрү кечирилет” («Сахиху Муслим», № 3498);

16- Жаза. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Карызын төлөбөй кеткен адамга Сот күнү Аллах Таала “Башка бирөөнүн акысын силерге калтырам деп ойлодуңар беле? деп туруп, карызын бербеген адамдын жакшы иштерин карыз берген адамга которот. Ал эми ал адамдын жакшы иштери болбосо, анда карыз берген кишинин күнөөлөрүн карызын төлөбөгөн адамга коюп коет. (ат-Табарани).

Булак: islam.ru сайты / UMMA ислам журналы

которгон: Амангелди кызы Айдай / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.