Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигине жакында эле ал убактагы премьер-министр Сапар Исаковдун жарлыгы менен дайындалган Болот Сүйүмбаевдин кайра  кетээри айтылууда. 

КР өкмөтүнөн билдиришкендей, бул маселе жакынкы күндөрү чечилет.  

Эске салсак, Болот Сүйүмбаев УКМКнын улуттук коопсуздуктун тобокелчилигин божомолдоо жана анализдөө бөлүмүнүн башчылыгынан президент Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Андан аз күн өтпөй Сапар Исаков аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына дайындаган. 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.