Эгер мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо мектептеги ата-энелер фондун жойсо болот. Мындай пикирди билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Исаков депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Мен бул жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүрөм. Мамлекеттин мектептерди колдоого мүмкүнчүлүгү жетсе жоюуга сөзсүз түрдө болот. Ушул маселе жөнүндө ата-энелер арасында көп нааразычылыктар бар. Ачык-айкындуулукту камсыз кылыш керек. Ата-эне баласы үчүн берген акчанын эсебин билиш керек”, – деди Исаков.

Дастан Бекешев ата-энелер фондун жоюу боюнча мыйзам долбоорун күтүшө турганын билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз