Тээ Акаев заманынан бери ат үстүнөн түшпөй улам бийликтен бийликке жармашып келе жаткан Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду кимдер билбейт. Акаев менен пикирлеш, тилектеш катары бир топ жыл иштеди. Учурда жаш жагынан эле эмес, саясатта азуу байлаган жагынан алып караганда деле Иса Шейшенкуловичке эч ким жетпейт. Бул киши менен катар  кызматка келгендердин көбү саясаттан ар кандай себептерден улам алыстап,   акыркылары элчинин чапанын жамынып жүрүшөт… Ток этер жерин айтканда аксакал болуп, тим отура турган учуру деле келип калды десек, жаңылышпасак керек. Кезинде темир жолдо жетекчи болуп турганда ал мекемеде коррупция туу чокусуна чыккан учур болчу. Кийинчерээк эле досу А. Атамбаевдин тушунда Бишкек шаары  мэрлик кызматында иштеп жатканда ага карата кылмыш ишин козгомуш этишкени да маалым.

Ошенткен менен бул жаңы келген бийликте деле Иса Шейшенкуловичтин таасири сыртта калган жок. Бороборубуздун шаар мэрин кызматка алып келүүдө ушу кишинин “эрдиги” бар дешет. Мындан башка да бир, эки таасирлүү кызматтарга өз кишилерин алып келгендигин айтып жүрүшөт. Анын айынан кадр саясатында жаңы бийликке көө сыйпала түшкөнү тар чөйрөдө белгилүү.

Саясаттагы бир топ жылдык иш аракетинен уламбы айтор, кечээги салык кызматынын декларациясында 7 миллион сомдук жылкылары бар экендиги айтылды. Мурдаттан эле Суусамырдын бир тарабынын жайлоолорун жайлап, ири мал кармап келе жатканы белгилүү. Бир жылдары жеке каражатына жайлоолорунун жолдорун салдырганы да маалым болгон. Болсун дейли!…Байлык -сайлыгын айтпай эле коелу.

Башкысы И. Шейшенкулович тууралуу кеп кыла берсе, бир күн кечкээри айтсаң да сөз учугу түгөнбөйт.

Кыскасы А. Атамбаевдин эң жакын, кыйын учурда сатып кетпей турган кадры катары сыппаталып келгени белгилүү. Бирок, бийлик, байлык деген балээ турбайбы? Аны акыркы күндөрү болгон окуя тастыктап койду. Экс- президент А. Атамбаев менен болгон карама каршылыгы баардык нерсени ачыкка чыгарды.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылын колдогондугу маалым болгондон баштап экс – президенттин экөөсүнүн ортосунда кара мышык аралап, ачык кармашка айлана тургансып калды. Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин чечимин аткарууга чакырган кайрылуу ар бир фракция мүчөсүнө жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Бирок,  бул маселе кезектеги фракциялык жыйындын күн тартибине киргизиле электиги айтылууда. Мыйзамдуулук жагынан алып караганда,  фракция мүчөлөрү саясий кеңештин чечимин кароого милдеттүү. Анын аткарылыш, аткарылбашы да табышмак. Ошону менен катар эле саясий кеңештин аталган чечиминин легитимдүүлүгү канчык экендиги да суроо жаратып жаткандыгы чындык.

Учурда өлкөдө дем алыш күндөр болгондуктан бул иш токтоп тургандыгын КСДПнын депутаттары билдиришүүдө.

Кандай айткан күндө да КСДПнын ичинде чоң жаракка кетти. Аталган фракциянын тагдыры кандай болот? Аны азырынча айтуу кыйын. Партиянын саясый кеңеши И. Өмүркуловду фракция лидерлигинен кетире албаган учурда да мындан ары анын аталган фракцияда жетекчи катары отурушуна кепилдик берүү кыйыныраак болуп калгандыгы саясый “оюндардан” көз каранды. Фракцияда буга чейин таасирдүү болуп келген топтордун кызыкчылыктары ойгоно баштагандыгы байкалууда. Анын ордуна Т. Зулпукаровду көргөн күчтөрдүн маалыматтары коомчулукка чыгып, көмүскө оюндар жүрүп жаткандай?

Бул чуулгандуу саясый тополоң саясатта чоң өзгөрүү жаратаары белгилүү болуп калды. Расмий бийлик деле мунун шылтоосу менен И. Өмүркуловго караганда бир топ таза, жаш саясатчыны фракция жетекчилине алып келип алуу тилектери жок эмес деп, кесе айтуу кыйын… Эгерде бийлик бул жолду тандаса кадр саясатында да жаңылануу, илгерилөө жаралмак. Кийинки жумада бул иштин чоо жайы белгилүү болсо керек?..

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз