Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, кырсык 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен.

Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда. 22-сентябрда Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Нью-Делиде беш айлык боюнда бар Кыргызстандын жараны баласы менен бычакталып сөөгү досунун үйүнөн табылганын жазган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.