Индияда эки бутту музоо туулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Калаппа Кумбар аттуу фермер эки бутту торпокко бөтөлкө менен сүт берип багып жатат. Себеби ал эки буту менен баса албайт, башка бирөө кармап турганда гана тең салмакты сактап тура алат. Бирок малчы келечекте аны бастырууну максат кылууда.

Индиялыктар уйга абдан сый мамиле кылышып, баалашат. Эски элдик ишенимдер боюнча, уй тилектерди кабыл кылып,каалаганыңды аткарат. Коомдук жайларда жүрсө да эч ким кол тийгизбейт. Ошондой эле этин жегенге да уруксат жок.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.