Индияда 18 жаштагы жаш баланы крокодил жеп салды. Бул туурасында жергиликтүү The Times of India гезити жазып чыкты. 

Ал баланын аты Нарендра Томар,  Пенджаб штатынан чоң атасын жерге берүү аземине Мадхья-Прадеш штатына келген болчу. Кырсык Томар Чамбал дарыясына түшүп жатканда болгон. Анын досторунун айтымына караганда, Томар  ал жерде крокодилдер көп экенин деле билген. Бирок, шайтан азгырып, сууга түшкөн. Сууга жаңыдан кире баштаганда эле крокодил кол салып, сууга сүйрөп кеткен.

Ал жерде тургандар баланы куткарууга аракет жасашкан менен майнап чыккан эмес. Андан кийин полициялар, суучулдар келишип,  крокодилден коркушуп сууга кире алышкан эмес. Учурда өлгөн балага жергиликтүү полиция тарабынан издөө жарыяланды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз