10-январдагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан талапкер ишке кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди. Ал ошол эле учурда бул кезексиз шайлоо болгонуна байланыштуу добуштарды эсептөө мөөнөтү да кыскарарын эскертти. 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады. БШКнын билдирүүсүндө, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү. Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын эң көбүн Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты.м

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.