IT технология жана компьютердик программалоо кесиби бир гана эркек балдарга мүнөздүү эмес. Бул тармакты кыз-келиндер деле мыкты өздөштүрө алышат. Болгону коомчулуктун түшүнүгүн буруу менен балдарына тура кесип тандап берүү жоопкерчилигин ата-энелер колго алса. Техниканын өнүккөн мезгилинде Борбор Азияда эле ушул кесип боюнча учурда 2 миллиондон ашуун жумуш орундары бар, тилекке каршы ал боштуктарды толуктаган кыз-келиндер аз. “Илимдүү кыз” долбоорун колго алган бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү жеригликтүү окуу жайлардын мугалимдери менен учурда, ири долбоолор даярдалууда.  

“Балдардын укугун коргоо” коомдук фонддун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, табиятынан бул кесип эркек балдарга гана таандык деген түшүнүк сиңип калгандыктан, бул тармакты өздөштүргөн кыз-келиндер азырынча өлкөдө 10-15 пайызды гана түзөт.

Бул кесип боюнча учурда Борбор Азияда эле эки миллиондон ашуун жумуш орундары бар. Тилекке каршы, ал боштуктарды толтурган кыз -келиндер өтө эле аз. Эгер элекрондук байланыш тармагы менен мыкты достошуп, бул кесипти өздөштүрүп алган кыз- келиндер болсо, атүгүл үйдөн чыкпай отуруп эле, балдарынын кашында иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

Түрдүү программа, уюлдук телефондордун тиркемелерин иштеп чыккан жаш программисттерден Кыргызстандын уучу куру эмес. Атүгүл продукцияларын чет өлкөлүк таанымал компанияларга сатып кызматташып келишет. Белгилүү Google, Facebook жана Youtube сыяктуу компанияларда иштегендер да бар. Мындай таланттуу жаштардын күчү менен акылдуу шаар сыяктуу өкмөттүн ири долбоолорун деле колго алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Мектепти аяктаган жаш кыздарды талаалатып, эмгек мигранты кылуунун ордуна компьютердик ыкс курстарга окутуп коюу ашыкбаш кылбайт. Анан калса азыр эл аралык уюмдардын көмөгү менен, айыл жергелеринде акысыз окутуу ыкмалары колго алынган. “Илимдуу кыз” долбоорун жайылтуу менен ийгиликтүү жаштардын коомун түзөбүз деген демилгечилер учурда, жаңы идеяларын үстүндө иштеп жатышат.


Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз