IT технология жана компьютердик программалоо кесиби бир гана эркек балдарга мүнөздүү эмес. Бул тармакты кыз-келиндер деле мыкты өздөштүрө алышат. Болгону, коомчулуктун түшүнүгүн буруу менен балдарына туура кесип тандап берүү жоопкерчилигин ата-энелер колго алса. Техникалык өнүккөн мезгилде Борбор Азияда эле ушул кесип боюнча учурда 2 миллиондон ашуун жумуш орундары бар, тилекке каршы, ал боштуктарды толуктаган кыз-келиндер аз. “Илимдүү кыз” долбоорун колго алган бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү жергиликтүү окуу жайлардын мугалимдери менен учурда ири долбоорлор даярдалууда

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз