Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала эсептөөлөр боюнча 2019-жылдын январ – майында өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу 5,6 пайызга өсүп, 184 млрд.га  жакын сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 161,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу 1,5 пайызга жогорулады.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, айыл чарба, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу  – 112,0 пайызды (2018-жылдын январ-майында – 99,7 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 пайызды (2018-жылдын январ-майында – 101,4 пайыз) түздү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.