Пакистанда Airbus A-320 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Карачи аэропортуна конор алдында кырсыкка учурады.

Бул тууралуу улуттук авиакомпаниянын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, учак Лахор-Карачи каттамы боюнча учуп келе жаткан.

Ичинде 90 жүргүнчү бар болгон.

Кырсыктан жабыркагандар тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.