ЖКнын депутаты Иса Өмүркулов менен А. Атамбаевдин ортосундагы келишпестик ачык кармашка өттү. Мындай дегенибиз, И. Өмүркулов экс-президент А. Атамбаевдин кирешелерин текшерүү керектигин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, айтты.

И. Өмүркулов: “Мен анын канча мүлкү бар экенин айта албайм. Ар бир мамлекеттик кызматкер киреше, чыгашасы, жеке мүлкү тууралуу декларация толтурууга милдеттүү. Ошол декларацияны текшерүү керек. Эгерде ал киши мүлкүн жашырып койгон болсо жооп бериши керек. Ал киши байлыкты кайдан топтогон? Эгерде ишканасы болуп, товар чыгарса анын көлөмү,  киреше, чыгаша тууралуу баланстык отчет болот. Кирешени ошентип эле аныктап койсо болот. А. Атамбаевдин өзүнүн байлыгы тууралуу айткандарына караганда, сөз бир миллион эмес, бир нече ондогон миллиондор тууралуу болгон. Кыска убакыттын ичинде мынчалык байлыкты топтоп алуу оңой иш эмес  ” – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.