Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө  Президент Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

Халтмаагийн Баттулга:  «Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», – деди.

Монголия Президенти айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.  Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз