UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сентябрь айында америкалык спортчу Дастин Пуарье менен беттешет.  Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайттын чет элдик басылмаларга маалымат берди.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 27 ирет беттешке чыгып, баарын утуп алган. Ал эми Пуарье 25 жолугушуудан жеңүүчү болуп чыгып, беш ирет утулган. Бир беттешинин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз