Орусиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовду кимдер билбейт. 70 кг. Салмакттагы UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. Хабиб 26 ирет мушташка чыгып, баарын жеңген.

Дал ушул дүйнөнү таң калтырган Хабиб  6–октябрда ирландиялык чемпион Конор МакГрегор менен Лас-Вегас шаарында мелдешке чыгууга камынууда. Учурда мушкер катуу машыгууларды башынан кечирүүдө.

Ал эми Макгрегордун спорттук таржымалына кайрылсак, ал эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз