Өлкөдөгү президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Саломе Зурабишвили шайлоочулардын  59 пайыздан ашык добушун алуу менен жеңишке жетишкендигин аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Анын атаандашы Г. Вашадзе 40 пайыз добуш алды. Г. Вашадзе оппозициялык кыймылдын талапкери болчу. Учурда анын талапкерлери шайлоодо добуштардын сатып алынгандыгына нааразычылыктарын билдиришип, митингге чыгуу керектигин айтышып, элдерди козутуп жатышкандыгы маалымдалууда.

Шайлоодо жеңишке жетишкен С. Зурабишвили буга чейин өлкөнүн сырткы саясатын жакшыртуу керектигин айтып келгендиги маалым.

Эске сала кетсек, Зурабишвили Францияда төрөлүп, Грузияга 2003-жылы гана келген.

Грузияда президенттин инагурациясы 16-декабрда өтөрү айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз